www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кудайга шүгүр деп биз деле жапырт кыргызстандыктар он беш жылдан бери мобилдик телефон көтөрүп калдык.  Жылдан-жылга мобилдик телефондор өркүндөп, ошону менен бирге тарифтер дагы өзгөрүлүп келе жатат. Бирок акыркы мезгилден бери мобилдик операторлор элдин чөнтөгүнө кол сала башташты. Биринчилерден улуу Ата Мекен согушуна катышкан ардагерлерге акча чогултуп канча акча чогулганын билинбей, канча акча кимге берилгенин айтылган жок, кумга сиңген суудай жок болду, андан кийин лоторея ойлоп чыгып, бир далай акчаларды жайлап келе жатышат,  мындай башаламандыкты ким токтотот?!

Эми болсо “О” компаниясы бир тарифти ойлоп чыгып  +25 сом же 10 сом бирдикте такай туруш керек деп, акчаларды жеп келе жатышат. Билайн болсо бир жегенде жүз сомдон жеп келе жатышат. Ар кайсы көз боёгон амалдарды ойлоп, карапайым элдин чөнтөгүн кагып жатышат. Мындай арам амалдарга албетте бийлик кошо аралашып жатканы өкүнүчтү. Анткени баягы Максим Бакиевдин схемасы башка түрүндө жүрө баштады. “О” жана “Биллайн” тарифти жөнгө салбаса акырындык менен эл наразы боло баштады. Бир күн өтпөй эле он сом сала берсең, же билайындай жүздөгөн сомунан ажырасан адамдын ичи, албетте күйбөй койбойт. Жекеле жаткан шайлоого акча жыйнап жатышабы?

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости