www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери коронавируска каршы күрөш боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды. Алардын кайрылуусун укук коргоочу Камиль Рузиев Фейсбук социалдык тармагына жарыялады. 

Кайрылууда Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун жетекчиси Нуркемел Бектуров дезинфекциялоо иштерине тартылган жумушчуларга коргоочу кийимдерди бербей жатканы айтылган. Ошондуктан бир жолу колдонулуучу коргоочу кийимдерди жууп кийгенге мажбур экенин билдиришкен.

"Бир эле респираторду бир нече кызматкер алмак-салмак колдонууга туура келүүдө. Бул гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Жөнөкөй гана медициналык бет каптар берилбейт. Башкы дарыгер “бет капты ооругандар гана тагынат” деп жүйө кылат. 200 даана бет капты өзү жана үй-бүлөсү үчүн алып кетип калган. Кийин аны кызматкерлер алган деп жазып коёт”, - дейт.

Белгилей кетсек, бул тууралуу Нуркемел Бектуров өзү жана Саламаттык сактоо министрлиги комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери бул маалыматтарды четке какканын “Твиттерге” жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости