www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн коронавирус боюнча бөлүм башчысы Дилшат Мамажанов видеотасма тартып, ооруканада илдетке чалдыккан бейтаптар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн айтып берген.

Анын айтымына караганда, аталган бөлүмдө 1 дарыгер, 2 дарыгер-реаниматолог, 2 медайым, 3 санитардык кызматкер кезек менен иштейт.

Ооруканадагы дарыгер-реаниматолог ооруканага оор абалда келген бейтап тууралуу: “Бир бейтап 20-мартта оор абалда келген. Биринчи келгенде аябай кыйналган. Бир жагынан бейтапты туруктуу абалга келтириш үчүн бизге оор болду. Азыркы учурда ал жакшы болуп келе жатат” – дейт дарыгер-реаниматолог.

Дарыгерлердин айтымы боюнча, оорукана кычкылтек аппараттары жетиштүү, ар бир бейтап үчүн шарттар түзүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости