www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШнын бардык 50 штатында табигый апаат жарыялоо тууралуу декларацияга кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, мындай табигый апаат АКШнын бардык аймагында биринчи жолу жарыяланды.

Кошмо Штаттарында коронавирустан 20 миңден ашуун киши каза болуп, адам курмандыктарынын саны боюнча Италиядан ашып, биринчи орунга чыкты. Көз жумгандардын көбү Нью-Йорк штатына туура келет. Бул аймакта 8,5 миң киши өлдү. АКШда вирусту жуктургандардын саны 500 миң кишиден ашты.

Ал эми Италияда COVID-19 вирусунан 19 миңден көп адам каза тапты. Вирус 152 миң адамдан табылды.

Адам өлүмү боюнча үчүнчү орунда Испания турат. Аталган мамлекетте 16 миңден көп курмандыктар бар. Коронавирус жуккандардын саны 163 миң.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости