www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аналитикалык SplashData компаниясынын адистери 2017-жылдагы эң оңой жана ишенимсиз сыр сөздөрдү тизмектеп чыкты. Бул туурасында РИА Новости CSO порталына шилтеме кылып кабарлады.

Эксперттер хакерлер оңой таап алган 5 миллионго жакын сыр сөздөрдү анализдеп чыкты. Эң эле оңой деп "123456" паролу аныкталса, экинчи орунга password ("пароль"), ал эми андан кийинкиси "12345678" деген вариант болуп чыкты.

Сандардан турган паролдордон башка эл арасына "Звездные войны" киноэпопеясына байланышкан сөздөр кеңири жайылган. Аналитиктер хакерлер коомдогу актуалдуу көрүнүштөрдү байкап турушарын жана поп-маданиятка байланышкан терминдерди алеки заматта таап коюшарын айтышкан.

Адистер сыр катары колдонулган сөздөрдүн бир-эки тамгасын өзгөртүп коюп, компоюп жүрө берүү жетишсиз экендигин айтышкан. Бул вариант да хакерлер үчүн эң оңой машакаттардан болуп саналат экен.

Булак: "sputnik.kg"



 

Последние новости