www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исламда «анык сөз айкаштары» деген түшүнүк бар. Бул сөздөр нике бузулгандыгын айкын көрсөтүшөт. Демек, анык сөз айкаштарын колдонгон жубайларды ажырашты деп түшүнө берсек болот. Мындай көрүнүш өтө коркунучтуу, себеби бул сөздөр түгөйлөр ортосунда тамаша катары айтылып келген учурлар көп катталган. Жыйынтыгында, жубайлар Кудай алдында ажырашкан адамдар болуп калары да анык.
Ошондуктан жубайыңыз менен болгон чыр-чатагыңыз кызып жаткан учурда төмөндөгү сөздөрдү айтпаганга аракет кылыңыз:
- «сени менен ажыраштым»
- «ажырашууга макулмун»
- «никебиз бузулду»
- «сени менен ажыраштым деп ойлой бер»
- «бүттү, сен менин аялым эмессиң»
- «сага талак берем» ж.б.
Жогоруда келтирилген мисалдарды эске алып, никени кандай сөздөр жокко чыгарарын дагы бир ирет карап көрөлү. Эгерде сүйлөм никеге байланыштуу терс сөздөрдү камтыса, анык сөз айкаштарын колдонгон киши алардын маанисин түшүнүп турса, ошондой эле бул сөздөрдү күйөөсү аялына арнап айтса (аялын карап туруп, сени менен ажырашам десе) – бул нике бузулгандыгы тууралуу ачык далилдеп берчү факт деп айтса болот.
Талак жөнүндө кеп улай турган болсок, талак берүүдөн кийин нике ошол замат жокко чыгарылат.
Булак: "kundemi.kg"