www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызcтандын 2 балбаны катышкан мелдеш 2017-жылдагы дүйнөнүн мыкты беттеши деп саналды. Бул тууралуу бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет.

Анда, Кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен АКШлык Камал Амир Баинин жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугундагы беттеши дүйнө рейтингинде 2-орунду ээледи.

Эске салсак, Акжол Махмудов 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалдык беттеште жаракат алганы менен, финалдык беттешке чыккан. Ал америкалык балбанга туш келип бир нече ыкманы колдонуп, атаандашын кулатууга аракет кылган. Беттештин жыйынтыгында Амир Баи 16 упай топтоп Акжол Махмудовдун үстүнөн жеңишке жеткен. Амир Баи алтын медалын тагынса, Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болгон.

Булак:NazarNews.kg
 

Последние новости