www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-январдан баштап ЕАЭБдин Бажы кодекси күчүнө кирди. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
“2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамы боюнча бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. "ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Бул сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Мисалы, буга чейин чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, Бажы кодекси ратификациялангандан кийин ал 4 саатка чейин кыскартылмакчы", - деп жазылат мыйзамда.
Буга чейин Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн. Буга карата президент Сооронбай Жээнбеков каршы пикир жөнөтүп, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын уюштуруп, 1-январда күчүнө кирүү боюнча өзгөртүү киргизген.
Булак:NazarNews.kg