www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сынактын уюштуруучуларынын бири болгон Айжан Байзакова соттун чечими менен 3 күн түрмөгө отуруп чыккан

Эки жума мурда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн Алматыдагы Zakova Bar түнкү клубу жабылганын Instagram жылдызы Айжан Байзакова билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Ал Instagram баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, конкурстун видеосун интернетке таратып жибергендерди "саткындар" деп атаган. 

"Биз менен чогуу эс алып, көңүл ачып андан кийин видеону интернетке таратып жиберген эркектердин арты менен бар жабылып калды. Аларды "келемиштер" деп гана атоого болот", — деген Байзакова. 

Байзакова 17-декабрда түнкү клубдардын биринде кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн. Соттон ал коомдук тартипти жана этикалык нормаларды бузганы үчүн үч күнгө эркинен ажыратуу чечими кабыл алынганын маалымдашкан. 

Сынактын эрежеси боюнча 50 миң теңгелик байге дырдай жылаңач чечинген кызга берилмек. Кеченин видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда жылаңачтанган кыздарды көрүүгө болот. Ал эми алып баруучу башка кыздарды дагы сынакка катышууга чакырган.

Булак: "sputnik.kg"
 

Последние новости