www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда тигилген балдардын кийимдери кайрадан текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, Казакстандын атайын кызматтары формальдегид тапкан Кыргызстандан барган балдардын кийимдерин текшерип чыгышат.

Эпидемологиялык жана санитардык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаковдун билдирүүсүндө, формальдегид кездемеге калыбын сактоо үчүн кошулат.

«Алгач, ал кийимди экспорттогон ишкананы табыш керек. Кыргызстандын тигүүчүлөрү четтен келген кездемелерди колдонушат эмеспи. Себептери ар кандай болушу мүмкүн» — дейт Төлө Исаков.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 2017-жылы 95 жолу кийим кечектер формальдегид, бензолго текшерилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости