www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Рулда” атуу рейдинин жүрүшүндө КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өткөн жумада 23 миңден ашуун айдоочуну административдик жоопкерчиликке тартышкан. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 23 миң 401 айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузушкан. Алардын ичинен:

- мас абалында - 336;
- Алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу – 59;
- коопсуздук курун тагынбаган – 4 миң 668;
- жол кыймылына тоскоолдук келтирүү – 2 тыс 283;
- жол белгилерин сактообоо боюнча – 4 миң 719 протокол түзүлдү;
- айып токтоо жайына 1157 унаа каражаты токтотулган.

Салынган айыптын болжолдуу суммасы 15 млн 942 миң 400 сом.

Эскерте кетсек, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарын азайтуу максатында республиканын аймагында “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости