www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылы мал чарба жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө кошумча 7 миңден ашуун ишкер кредит алган. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда «Айыл Банк» ААКнын төрагасы Мурат Акимов бүгүн, 13-сентябрда  маалымдады.

Мурат Акимовдун айтымында 2018-жылы «Айыл Банк» фермерлерге айыл чарба кредитин берүү багытында чоң иштер жасалды. 7 миңден ашуу үй-бүлө элет жеринде өз бизнесин жана чарбасын өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алышты.

«Кредиттердин басымдуу бөлүгү мал чарбасына  багытталууда. 2017-жылдан тартып биз кайра иштетүү чөйрөсүндөгү  ишкерлерге кредит берүүгө басым жасай баштадык. 2017-жылы 4 касап цехи каржыланды.  Учурда Жалал-Абад   облусунда  алардын бири пайдаланууга берилди. Жакынкы аралыкта Өзгөн районунда ачылышы болот деп күтүп жатабыз. Баткен облусунда жергиликтүү мөмө жемиштерди кургатуу боюнча ишканалар бар. Ысык-Көл облусунда интенсивдүү мөмө бактарын олтургузууга басым жасалып жатат», -деди «Айыл Банктын» төрагасы.

Ошону менен бирге, «Айыл банктын» төрагасы Мурат Акимовдун  айтымында Кыргыз Өкмөтү уставдык капитал үчүн 20 млн. доллар бөлүнгөн. Бул  банкка өнүгүүгө жана каражаттарды тартууга, кредиттин үстөк пайызын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2018-жылы айыл чарба кредиттеринин үстөк пайыздары 20дан 18 пайызга төмөндөтүлдү. Үстөктү 16 пайызга чейин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Алыскы айылдарда жашаган фермерлерге  жана дыйкандарга кредиттин үстөгүн дагы 2 пайызга төмөндөтүү тууралуу  маселе талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости