www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 23-мартынан 6-апрелге чейин ажы башчылыкка каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларын каттоого алуу иши облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы зыяратчыларды серверге каттоочу операторлор тарабынан жүргүзүлөт.
Муфтияттын маалымат кызматы бул иштер Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечимдерине каршы келбей турганын белгилейт. “Ажы башчы болууну каалагандар шаар, райондорго келип бирден катталып кете беришет. Көп адам чогулбайт. Эреже боюнча 49 зыяратчыга бир ажы башчы дайындалат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ажылыкка катталгандардын алгачкы тобу болжол менен 10-июндан тарта Сауд Аравияга жөнөтүлөрү айтылды. Сауд Аравия падышачылыгы быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берген. Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, соңку бир айдын аралыгында 1000ге жакын кыргызстандык Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген. Бүгүнкү күндө анын ичинен 12 адамдан коронавирус табылды. Сегизи Сузактын, үчөө Ноокаттын, бирөө Баткендин тургундары. Бул тууралуу Спутник жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg