www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус менен ооруган жарандын кызы Ноокаттан Чүйгө качып кетти деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта NazarNews.kgгеОш ОИИБинин басма сөз кызматынан Жеңиш Аширбаев билдирди.

"21-март күнү айрым маалымат каражаттарында жарыяланган "Умрага барып коронавирус жугузуп алган жарандын кызы Ноокаттан Чүйгө түнү менен качып кеткен" деген аталышта маалымат тараган. Ноокаттан качып кетти делген жаран 1979-жылы Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылында туулган М.М. өмүрлүк жолдошу ошол эле айылда 1975-жылы туулган М.Т. менен 16,15 жана 6 жаштагы балдары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында 13 жылдан бери жашап жаткан. 13-март күнү М.М.дин апасы кичи ажылыкка барып келгендиктен, зыярат кылуу максатында Ноокат районуна апасынын жанына келген.

Апасы учурда Жаӊы-Ноокат айылында обсервацияда жатат. Ал эми кызы М.М.дин апасы коронавирус жуктуруп алган адамдардын катарында болгондуктан, тесттен өткөрүү максатында анализ тапшырган. Ал учурда 3 баласы, күйөөсү менен Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ооруканаларынын биринде обсервацияда жаткандыгын билдиребиз. Качып кетти деген маалымат туура эмес", - деп жазылат маалыматта.

Мыйзам боюнча, өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин кетсе, качып кеткен болуп эсептелет. Ал эми аталган жаран районго өзгөчө кырдаал киргизилгенге чейин Чүйгө кеткен.

Чүйгө качып кетти деген тургун боюнча Оштун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев:

"Ал жаран өзү Чүйдө жашайт экен көптөн бери, апасы умрадан келгенде учурашканы Ноокатка келген. Апасын зыярат кылып кайра үйүнө, Чүйгө кайткан. Учурда ал кызы да табылып, жаткырылган.
Андыктан, "качып кетти, антип кетти, минтип кетти" деген жалган маалыматтар менен элди козутуп, дүрбөлөң салбаңыздар, сураныч!",-деп маалымат берген.

Эске сала кетсек, бүгүн, 21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков: "Кечээ Ноокатта коронавирус жуктурган адамдын кызы түнү менен Чүй облусуна качып кеткен. Ал туугандарына такси менен барган",-деп билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости