www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2020-жылы 1900 бала ата-энесинин багуусуз калган. Анын ичинен 674 бала томолой жетим. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2020 - жылдын аягында ата-энесинен башка үй-бүлөнүн багуусунда 13 900 бала болгон, анын ичинен 5400 бала томолой жетим. 8300 бала туугандарынын же жакындарынын багуусунда болсо, 5600 бала асыроого берилген.
2020-жылдын ичинде ата-энеси багуудан баш тарткан 18 жашка чейинки курактагы 1900 бала жана өспүрүм табылган, анын ичинен 674ү - томолой жетим.
2020-жылы 1 263 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тарбиялануусуна алынган, алардын ичинен 643 баланы - кыргыз үй-бүлөсү, жети баланы – чет өлкөлүк жарандар багып алган.
Ата-энесинен бөлөк үй-бүлөдө багылып жаткан эркек балдар көбүрөөк.
2020-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 2 миңге жакын жетим бала жашаган.
Булак: NazarNews.kg