www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экономикасынын акырындап калыбына келишинин алгачкы белгилери байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөдө жана соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын жанданышы менен соода-логистикалык жолдору калыбына келип, Кыргызстандын тышкы экономикалык ишин кайра баштоого шарт түзөрү айтылды. Ошол эле маалда коронавирустун жаңы штаммдарынын жайылышы жана дүйнөдө калкты вакцина менен эмдөө процессинин жай жылышы жалпы эле эмес, регионалдык экономиканын да калыбына келишине тобокелдиктерди жаратып жатат.

«Кыргызстандын экономикасынын акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы алгылыктуу белгилер байкалууда: 2021-жылдын январь-апрель айларында Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,1 пайызды түзгөн», — деп жазылат маалыматта.

Евразия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык, быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү көбөйүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости