www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асылбек Жээнбековдун агасы жакында качып кетпесе камалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев Facebook баракчасына жазды.

Ал буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын жакындары мыйзамсыз боюу боюнча көптөгөн жерлерге арыз жазганын билдирди.

--“Сокенин тагдыры кийинкилерге сабак болсун! Мындан бир канча күн мурун президентке кайрылуу жасап, андан кийин Сооронбай Жээнбеков, иниси Асылбек, алардын үй-бүлөлүк кланынын үстүнөн бир канча жерлерге арыз менен кайрылгам.

Буюруса "жемишин" бере баштады. Асылбек Жээнбеков, Төрөбайлар камалганын окудум. Агасы да жакында качып кетпесе камалат. Кумтөр, мыйзамсыз баюу иштери - бул чети гана, дагы толгон-токой кылмыш иштери бар, тергелип жатат”, - дейт Мискенбаев.

Эске салсак, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапташтарынын бири болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости