www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов 6-июлга чейин камакта калды

Бүгүн, 1-июнда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочуларынын арызы Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул арада шаардык соттун алдында анын ондогон тарапташтары митинг өткөрдү.

Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиевдин айтымында, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

«Биринчи май райондук сотунун 8-майдагы чечимин шаардык сот күчүндө калтырды. Анын негизинде Молдокматов 6-июлга чейин камакта калды. Бул чечимди мен туура эмес деп эсептейм. Аны камакта калтырууга негиз жок болчу», - деди жактоочу.

Эске салсак, Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. Милиция Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген айып койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости