www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларына 2020-2021-окуу жылында жалпы жонунан 98 136 адам кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, онлайн кабыл алуу боюнча беш турдун жыйынтыгында жогорку окуу жайларына 42 миңден ашуун, коллеждерге эки тур менен жалпысынан 41 миңдей жана кесиптик башталгыч окуу жайларына 15 миңдин тегерегинде абитуриент кабыл алынды.

Белгилей кетсек, быйыл пандемияга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди кабыл алууну онлайн форматта уюштурду.  Ошондой эле өлкөдө мектептер жана башка бардык окуу жайлары карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. Өлкөдө 63 жогорку окуу жайынын 32си мамлекеттик болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, ушул жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышты, алардын 53ү эң жогорку балл алды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости