www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бешинчи каналдын кызматкери Бакыт Качкынов өзүнүн Фейсбук баракчасынан телени, эфирди, элди, эфирде иштегендерди сыйлабагандарга нааразычылыгын билдирип төмөнкүдөй пикирин жазды.

"Теленин баркы ушунча түшүп кеттиби же адамдардын баасы көтөрүлүп кеттиби? Мурда кимге болбосун суранып чалып эфирге чакырсаң макул болуп келип, татынакай сүйлөп, суроолорго жооп берип кетишчү эле... Азыр бир аз «бузула» баштадык. Кечээ Учурда деген түз берүүбүзгө Импорт жана Экспорт Ассоциациясынын Президенти Ленара Ниязбекова деген айым эфирге келип, эфир башталаардын алдында «Мага студияңар жакпай атат, эмнеге студияңар ысык, эшик - терезеңерди ачып койгула, светиңер көзүмө тийип атат» деп, мына түз эфир башталганда «жок мен катыша албайм» деп отурган жеринен туруп басып кетти... Бул телени, эфирди, элди, эфирде иштегендерди сыйлабагандык да!? Же, мисалы конокто отуруп деле «мага бул тамагыңар жакпай атат, кашыгыңар алюминий экен, столуңдун буту жыгач турбайбы, темир эмес...» - деп басып кетсе үй ээси кандай акыбалда калат?

Бүгүн рэпер атка конгон Бегиш деген ырчыны журналист балабыз Тил майрамына карата жарым саатка эфирге интервью алалы деп чалса «менин телеге жарым сааттык интервьюм 150 доллар, чалып сүйлөшсөңөр 50 доллар» дептир... Атыбызды акчага алмаштырып аткан кезде, добушубузду саткан кеп деле болбой калды го..."- дейт Бакыт Качыкынов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости