www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылы Кыргызстанга Өзбекстандан 3 млн турист келген

2022-жылы Кырпгызстанга Өзбекстандан 3 млн турист келген. Бул тууралуу “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын кооз жерлерге бай шаарларына уюштурулган турларга барган кыргызстандыктардын саны да көбөйдү.

“Келечекте мындай тенденция сакталып, биздин мамилелерди мындан ары тереңдешине салым кошот деп ишенем”, - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 100 млн долларлык 10 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости