www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын январь-декабрь айларында "Түштүк-Батыш" бажысы 12,7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы 6 жылда мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн салыштыра турган болсок, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу "Түштүк-Батыш" бажысы 7,5 млрд сомго көп камсыздаган.

- 2018-жылга салыштырмалуу 7,1 млрд сомго көп.
- 2019-жылга салыштырмалуу 7,4 миллиард сомго көп.
- 2020-жылга салыштырмалуу 9,0 млрд сомго көп.
- 2021-жылдын ушул эле мезгилине карата 7,0 млрд сомго кп жыйналган

Башкача айтканда, быйыл 12 айда 5,7 млрд сомго көп чогулган, ал эми өсүү темпи 181,4%ды түздү.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалып, белгиленген план 100,8%га аткарылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости