www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке өзбек президенти Мирзиёев келүүдө, анын мамлекеттик сапары буга чейин 2 жолу кийинкиге калтырылган. Эки өлкө президенттери – чек араларды делимитациялоо аяктаганын белгилейт жана эми демаркация башталыш керек. Кыргызстан 4 мамлекет менен чек аралаш жана алардын үчөө менен чек ара меселелери ушуну менен бүтөт.

Чек ара менен байланыштуу, Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан отузга жакын активист 3 айдан бери Бишкекте камакта. Бул суу сактагыч 5 миңге жакын гектар аянтты ээлейт жана советтик мезгилде Кыргызстан 4 миңге жакын гектар жерди кенемте катары алган. Эми – Кургантепе районунан дагы бир миң гектар жайыт жерин алууда.

Өзбекстан атайын канал дагы куруш керек болчу, ал милдеттенмесин аткарбаганы үчүн азыр – Пап жана Чуст райондорунан Кыргызстанга 13 миң гектар жайыт жерин берүүдө. Эл аралык стандарттар боюнча, бир сугат гектар жер 2 жарым гектар жайытка алмашылууга тийиш.

Бирок маселе анда деле эмес. Мындан 60 жыл мурда Кыргызстандын аймагында Өзбекстан үчүн суу сактагычтын курулганы Ташкендин жеңиши болгон жана өзбек тарап ал жеңишинен эч качан баш тартпайт болчу.

Последние новости