www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле белгилүү пайгамбар-математик Сидик Афган 2023-жылы 17-июлда боло турган коркунучтуу кырсык тууралуу айтып чыкты.

Сидик Афган деген ким жана ал эмнеси менен белгилүү?

Легендарлуу математик жана философ катары белгилүү Мохаммад Сидик Афган келечекти алдын ала айта алган уникалдуу формуланы жараткан. Анын бир нече ийгиликтүү божомолдорунан улам "21-кылымдын Нострадамусу" деп аталып калган. Афган СССРдин кулашын, Америкадагы эгиз мунаралардын кыйрашын жана коронавирус пандемиясын алдын ала айткан. 
Мохаммад Сидик Афган 1958-жылы 20-мартта ооган ишкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Ал өзүн Жердин уулу жана бүткүл адамзаттын өкүлү деп эсептейт. 

2023-жыл 17-июль...

Пайгамбар-математик Сидик Афгандын божомолу боюнча, 2023-жылы 17-июлда масштабдуу катастрофа болот. Ал өзүнүн уникалдуу формуласын колдонуу менен 17-июлда кандай коркунучтуу окуя болушу мүмкүн экенин эсептеп чыккан. Анын божомолунда, аталган күн 2023-жылдын эң коркунучтуу күнү болушу мүмкүн.

Окумуштуунун айтымында, 17-июлда белгилүү бир "ядролук сокку" болушу мүмкүн. Бул күнү дүйнөнүн өнүгүүсүнүн дагы 50 жылдык тарыхый цикли аяктайт.

Анын корутундусуна ылайык, 1973-жылы 17-июлда Ооганстанда мамлекеттик төңкөрүш болуп, андан кийин дүйнөлүк тарыхтын багыты өзгөргөн. Ал эми 2023-жылдын 17-июлунда, ушуга окшогон нерсе өзөктүк куралдын күчөшүнө, ошондой эле кандайдыр бир режимдин кулашына алып келиши мүмкүн. Пайгамбар бул окуялар тарыхтын жүрүшүн түп тамырынан бери өзгөртөт деп ырастайт.
Сидик Афгандын формуласы төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт. 

17*17*7= 2023
2023:17*2= 238

238 саны – урандын атомдук массасы. 

Дал ушул эсептөөлөрдүн жыйынтыгында математик 2023-жылы 17-июлда уранды ядролук коркунуч катары сыппаттаган. Ядролук катастрофа тууралуу сөз болбосо дагы, жаңы биологиялык курал колдонулушу мүмкүн деп эсептейт. 
Математик 1897-жылдан бери жер жүзүн жашыруун көзөмөлдөгөн уюм башкарып келет деп ырастайт. Алар санариптик коддорду колдонуу менен чечмелей турган чечимдерди кабыл алып келишет. Малаховдун шоусунда Афган адамзатка каршы иштеген комитет 3 жана жашыруун иштеген 3300, 900 комитеттери бар экенин билдирген. 

Ошондой эле математик үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу сөз жок экенин, акыр заман болбой турганын тактыктады.
Мындан тышкары Сидик Афган быйылкы жылды Россия үчүн Батыш менен тирешүүдө эң кооптуу мезгил деп атады. Жакшы жакка өзгөрүүлөр 2024-жылы башталат. 

Ошондой эле Афган Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын айтканын кыла берсе аны коркунучтуу окуялар күтөөрүн айткан. Анын божомолунда, 2023-жылы жайында Зеленский президенттик кызматтан кетиши мүмкүн. Математик кошумчалагандай, Зеленскийдин өмүрүнө чоң коркунуч жаралат.

Пайгамбар-математик бул убакыт аралыгына чоң долбоорлорду пландабоону сунуштайт. Дүйнөлүк катастрофаны болтурбоо үчүн инновациялык чечимдерди кабыл алуу керектигин айтат.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости