www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
М. Мамытов: "Садыр Жапаров жалпы элибизден жогору деңгээлде турат, Кудайымдан элибизге элчи болду". Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Иманалиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Төмөндөгү тексттин өзгөртүүсүз беребиз.
"Асман "долбоорунун ачылышында кадырлуу инсан, Эл Баатыры Миталип Мамытов агай менен сүйлөшүп калдым. Долбоор боюнча оюңуз кандай? десем, айтып берейинби, же жазып берейинби деп, жазып жиберсеңиз десем, мындай деп жибериптир.
"Асман" жана "Манас".
30-июнь 2023-жыл тарыхый күн болду. Ошол 30-июнда, Ысык-Көл жергесинде улуу жыйын салтанаттуу түрдө өтүп, болочок, жаңы "Асман" деген шаардын капсуласын президентибиз өз колу менен салды.
"Асман" деген жаңы шаарыбыз, буйруса бактылуу, ырыстуу шаар болот деп мен толугу менен ишенем. Себеби, "асман" деген сөздөн "Манас" деген сөздү кураса болот. Манас деген сөздөн акылдуу адам деген түшүнүк бар экенин билебиз: Man - адам, as - бардык жагынан бардык нерсеге устаз, бардык нерсеге жөндөмдүү, акылдуу адам деген түшүнүктөр бар. Асманды акылдуу шаар деп аталганы да бекеринен болбосо керек, себеби асман шаарыбыз акылдуу (asman smart city) деп аталгандан кийин менин жекече оюм боюнча, акылдуу шаарда акылдуу адамдар жашаш керек. Көк асмандан таза абадан дем алса, тунук суудан ичип турса, көл жергесиндеги "Асманда" жашаса, мындай адам акылдуу болууга мажбур, жаман иштер колунан
келбейт, жаман сөз оозунан чыкпайт, жаман ой акылында орнобойт. Себеби:
Акыл - сууга чөкпөйт
Акыл - отко күйбөйт
Акылга - ок өтпөйт
Акылга - ток өтпөйт
Акылына ток өтсө
Айланан күйүп жана
Жан дүйнөңө азык болот.
Ошол жерде, президентибиздин сөзүн угуп жатып, жаңы "Асман" деген болочоктуу, акылдуу шаарыбызды элестетип жатып, мага учкул ой келди, ал учкул ойду айтып же жазып койбосом менин башым ооруп калгандай сезим пайда болду.
Асман - Ата, Көл - эне
Жаңы шаар келди жерине
Манас - Ата, Жер эне
Кут конду Кыргыз элиме.
Президентибиз ошол улуу жыйында сүйлөп жатканда мен Садыр Нургожоевич Жапаровду жалпы элибизден жогорураак деңгээлде тургандай сездим, ошол эле убакта кудайымдан ылдыйыраак экенин ойлоп турдум. Ошондуктан Садыр Жапаров элибизден Кудайыма элчи, ал эми Кудайымдан элибизге элчи болду деп айткым келди. А мен болсо, элибиздин белгилүү дарыгери-демчисимин. Ошондуктан мен: "элчи менен демчиге душмандын колу коркок, элчи менен демчиге душмандын бычагы мокок, элчи менен демчиге душмандын тили чоркок" - деп айтсам кечирип койсун жараткан.
Ала-Тоону шаңдантып
Ысык-Көл турат жалтылдап
Толкундайт жээги шарпылдап
Тоо жаңырып шаңкылдап
Калкым турду шаңданып
Сары алтындай жылт этип
Балыктар жүрдү буйт этип
Кандай сонун көрүнөт
Кайыкта сүзсөң салкындап
Салтанаттуу жыйында
Ысык-Көлдүн шамалыкамыкта сүзсөң салкындап
Салтанаттуу жыйында
Ысык-Көлдүн шамалы
Сылап турду маңдайдан
Күндүн нуру түз тийип
Бет маңдайды куйкалап
Кызарып чыктык ал жайдан
Кызыгып жүрүп билбедик
Күйүп калганын маңдайдын.
Күн жарыкта карасаң
Көл түбүндө Ала-Тоо
Ай жарыкта карасаң
Акылдуу - Асман шаарынын
Көлөкөсү көрүнөт
Ысык-Көлдүн өзүнөн
Көк тиреген асканын
Жанашып турсун "Асманың"
Жарашып турсун басканың
Ашыкпа колум, шашпагын
Чабылар тулпар аттарың
Ачылар сырдуу катмарың
Ардактап сага, келишээр
Аралап далай жаштарың
Ачылар кабак - каштарың
Көрүнөөр көзгө бир кезде
Аман болсо баштарың.
Кыргыз Республикасынын Батыры, академик Мамытов М. М
Булак: NazarNews.kg