www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Зардакс” жана “Тропикамид” дары-дармектери менен жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, дарыгердин көрсөтмөсү боюнча берилүүчү, өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алып кирүү жана Өзбекстан Республикасынын аймагына алып чыгуу боюнча КР жарандарынын кылмыштуу аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

5-июлда УКМК тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында Р.С. тарабынан 9 600 даана “Зардекс” (Индияда жасалган) дарылары ыктыярдуу түрдө берилди, анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң долларын түзөт.

Андан аркы тергөө иштеринин жүрүшүндө 6-июлда бул каналдын уюштуруучусу Г.И. жашаган дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылы, Мадумаров көчөсү боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 591 даана “Тропикамид” (көзгө тамчылатчу) дарылары алынды.

Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион 867 миң сомдун тегерегин түздү.

Белгилей кетсек, жогоруда табылып алынган дары-дармектер Өзбекстан Республикасынын аймагына жөнөтүү үчүн эч кандай уруксаат кагаздары жок Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келинген, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушат.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында, жаран Г.И. Ош облусунун Кара-Суу районунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости