www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылга чейин мектептердин баарында кенже класстардын окуучуларына бир маал ысык тамак берүүнү уюштуруу каралып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Комитет мектеп окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндөгү парламенттин токтомунун долбоорун карап жатат.
Жусупбекова Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттагандан бери окуучуларга бир маал ысык тамак берүү маселеси кыйындаганын, соңку кездери тендерге катышууну каалагандар азайганын айтты.
Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын билдиришинче, учурда ар бир окуучунун тамагына күнүгө 14 сом бөлүп берүү каралып жатат, ал эми 2023-жылы 20 сомго жеткирүү планы бар.
Расмий маалыматка ылайык, 1-4-класстардын (башталгыч класстар) окуучуларынын жалпы саны жалпысынан 56 миңге чамалайт. Мектептерде ысык тамак берүүгө бюджеттен 595 миллион сом бөлүнгөн. Алыскы жана бийик тоолуу аймактардагы мектеп окуучусунун тамактануусуна күнүнө 10 сом, калган аймактардагы мектеп окуучусунун тамактануусуна күнүнө 7 сом каралган.
Булак: NazarNews.kg