www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев видеоконференция режиминде өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтин долбоорун талкуулашты. 

"Документ жалпы (концептуалдык) жоболордон жана интеграциялык биримдиктин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча 11 системалык блокко топтоштурулган чаралардын жана механизмдердин тизмесинен (330 позиция) турат. 

Чаралардын жана механизмдердин тизмеси иш-аракеттердин планы – ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин интеграциясын мындан аркы өнүктүрүүнүн «Жол картасы» болуп саналат. Аны аткаруу 13 эл аралык келишимди, 60тан ашуун ЕАЭБ ченемдик-укуктук актыларын, Бирлик жөнүндө Келишимге, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына 25тей өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү иштеп чыгуу жана кол коюу камтылган. 

Стратегиялык багыттардын чаралары жана механизмдери ЕАЭБдин бекитилген негизги документтерине ылайык ишке ашырылып жаткан иш-чараларды толуктайт жана өнүктүрөт (мисалы, «ЕАЭБдин мунайзат жана мунайзат продуктулары жалпы рыногун түзүү концепциясы», «ЕАЭБде газдын жалпы рыногун түзүү концепциясы», «ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү концепциясы»).

Жыйындын жыйынтыгында 2020-жылдын 19-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешин өткөрүүгө чейин газ жеткирүүнүн баасын түзүү боюнча маселени  кайра кароо чечими кабыл алынды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2020-жылдын июль айынын экинчи декадасында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтөт",-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости