www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин арасында коронавирус жуктургандар бар экени айтылып келет. Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинен буга чейин коронавируска кабылгандар бар экенин тастыкташкан.

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Москва шаарынын саламаттыкты сактоо департаменти менен тыгыз иштешип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, элчилик аталган мекемелерге коронавирус аныкталгандардын арасында канча киши кыргыз жараны экенин тактоо үчүн расмий түрдө кайрылган. Бирок алардан "Биз жарандыгына карап бөлгөн жокпуз, биз үчүн баары бирдей" деп жооп беришкен.. Мындан улам азырынча так статистика жок.

“Бирок болжолдуу статистика бар, ага ылайык, 40-50дөй кыргыздан вирус аныкталган. Айрымдары ооруканаларда дарыланып жатса, айрымдары үйдөн дарыланып жатат. Элчиликтин алдында кыргыз медицина кызматкерлеринен турган ыктыярчылар тобу түзүлгөн. Учурда бул топ тиешелүү кызматтарды көрсөтүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости