www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева Бириккен Улуттар Уюмунда БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 65-сессиясынын Макулдашылган корутундуларын ишке ашыруу боюнча улуттук прогресс тууралуу баяндама жасап, өлкөнүн 2030-жылга чейинки гендердик саясатынын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан мыйзамдык базасын жаңылап, аялдардын укуктарын коргоо механизмдерин күчөттү. Өлкөдө аялдар менен эркектердин тең укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана алдын алуу боюнча мыйзамдар иштеп жатат.

Мындан тышкары, республика Эл аралык эмгек уюмунун эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана кысым көрсөтүүнү алдын алуу тууралуу №190 конвенциясын ратификациялап, 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияны ишке ашырууда.

Орозбаева белгилегендей, реформалар беш негизги багытты камтыйт: аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, билим берүү жана маданий саясатты өнүктүрүү, дискриминациядан коргоо, чечим кабыл алуу процессинде аялдардын ролун күчөтүү жана мамлекеттик саясатты өркүндөтүү.

Ал өзгөчө аялдардын саясий катышуусунун өсүшүнө токтолду. 2025-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын үлүшү 33%га жетип, 90 депутаттын 30ун түздү. Бул өлкөнүн тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Жергиликтүү деңгээлде да аялдардын кеңештердеги өкүлчүлүгү болжол менен 40%га чейин өстү.

Зомбулукка каршы күрөшүү багытында кылмыш мыйзамдарынын талаптары катаалдаштырылып, убактылуу коргоо ордеринин мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылды жана жабыркагандарга жардам берүү кызматтарынын тармагы кеңейтилди. Кризистик борборлорду каржылоо 2019-жылы 7 млн сом болсо, 2025-жылы дээрлик 28,6 млн сомго жетти.

Министрдин орун басарынын айтымында, жакынкы жылдары Кыргызстан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө, санариптик гендердик ажырымды кыскартууга, айылдагы аялдарды жана аял-мигранттарды колдоого, ошондой эле аялдардын экономикага жана башкарууга катышуусун кеңейтүүгө басым жасайт.

Последние новости