www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Баткен облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 28…33;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.
Булак: NazarNews.kg