www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египетте каза болду делинип сөөгү жерге берилген жаран төрт айдан кийин мүрзөдөн тирүү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мохаммед Эль-Гаммал атту жаран үстүбүздөгү жылдын январь айында дайынсыз жоголуп кеткен. Аны психикалык жактан жабыркаганын айтып, туугандары март айында таап берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылышкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, туугандарына милиция кызматкерлери телефон чалып, жансыз дене табылганын, жоголуп кеткен Мохаммедке окшош экендигин айтышкан.
Жансыз денени туугандары Мохаммед деп таанышкан. Адистер денеден ДНК үлгүсүн алып, экспертизага жиберишкен.Туугандары ДНКнын жыйынтыгын күтпөй эле жансыз денени жерге беришкен.
Маалым болгондой, ушул эле жылдын июль айында жергиликтүү тургундар мүрзөдө адашып жүргөн адамды байкап, милицияга кайрылышкан. Милиция кызматкерлери келип, адашып жүргөн адам каза болуп жерге берилди, делинген Мохаммеддин тирүү экенин аныкташкан. Ал жарым жыл өткөн соң табылып, өз туугандарына берилген жана алты ай бою анын кайда жүргөнү белгисиз бойдон калган.
Булак: NazarNews.kg