www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус карандик чаралар коронавирус инфекциясынын жайылуусун токтотпой турганын билдирди. Анын айтымында, бул чаралар инфекциянын тарашын жайлатат.

Тедрос Аданом Гебреисустун пикири боюнча, коронавируска каршы күрөшүүнүн негизги ыкмаларынын бири — байланышта болгондорду көзөмөлдөө, аныктоо жана обочолонтуу.

«Бир дагы өлкө вирус каякта экенин билбесе эпидемияны көзөмөлдөй албайт», - деди ал.

Бүгүн, 21-июлга карата дүйнө жүзүндө 14,7 млн адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен 609 миң бейтап каза болду.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости