www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев каза болду» деген маалымат Фейсбук баракчасына тарап кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу жокко чыгарды.

--«Урматтуу кесиптештер, жаңы эле "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөштүм. "Каза болуп калыптыр" деген фейк маалыматтарга ишенбеңиздер, ден соолугу жакшы, сакайып чыгыптыр. Бул күндөрү Жалал-Абад шаарында 50 орундук стационар ачууга аракет кылып жүрүптүр. Бир гана маселе эмгек акысын жогору кылып төлөп берели десек да врачтар табылбай жатат дейт. Депутат жакында эле Ош шаарындагы мейманканасын медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берген. Андан мурдараак Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 миллион сом которгон. Бакыт Эгешович "Эл өкүлдөрү элдин арасында болушу керек" деген постумду окуптур. "Элдин арасында жүрөбүз. Мындан кийин дагы ушул оору менен күрөшүүгө колдон келген жардамыбызды беребиз" - деди. Оорубаңыздар! - деп билдирди Ибраим Нуракун уулу.

Эскерте кетсек, «ниети бузук», “кара мүртөз” айрым Фейсбук колдонуучулары Бакыт Төрөбаев пневмониядан каза болуп калды деп жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости