www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 22-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас жергесинде +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл менен Нарында +9...+14 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +15...+17, Ошто +20...+22 градуска жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости