www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиялык врачтар Чандаули шаарынын тургунунун ашказанынан 150 тирүү курт табышты. Неху Бегум атту 22 жаштагы кыз дарыгерлерге ичи катуу ооругандыгынан кайрылган. Жергиликтүү доктурлар бул оор маселени жок кылгандыгы тууралуу Metro порталы баяндашты. 

 Доктор Ананд Пракаш Тивари мурда мындай шумдукту көрбөгөндүгү  тууралуу жарыялады.

«Мен  үчүн бул накта шок болду – мындай болорун ойлогон эмесмин»,- деди дарыгер. «Көп клиникаларда жаш кызга дары берип эле,  үйүнө  кетиришчү  экен. Ошол себептен ал аябай кыйналып, уйку деген эмне экенин унутуптур».

Кыздын проблемасын чечиш  үчүн KG Nanda госпиталинин дарыгерлери операция кылууну туура көрүшкөн. Жыйынтыгында, медиктер жаш айымдын ашказанын 150 мите курт алып чыгышкан. Врачтардын айтымында, ар биринин узундугу 10 сантиметрди түзгөн. Эгерде, мите курттар убаганда алынбаганда, алар Неху Бегумдун мээсине чейин тарап кетишмек экен.

Доктор Тиваринин баамында, мындай коркунучтуу оору кыз жашаган антисанитардык абалдан келип чыккан.
« Инфекциянын алдын алуу  үч үн бир нече жөнөкөй ыкмаларды кылуу жетиштүү  – сууну фильтрлөө, жашылча-жемиштерди жууп жегенди билүү. Тилекке каршы, Индияда бул эң  жөнөкөй эрежелер да көбүнчө сакталбай келет», - деп дарыгер нараазычылыгын билдирди.

Булак: "planetanovosti.com"

Последние новости