www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам күзгүнү ойлоп чыккан убактан тартып,ага сыйкырдуу буюм катары мамиле жасап келет.Ал сыйкырдуу күчкө ээ деп саналат. Жүздөгөн жылдар мурун күзгү тууралуу жомоктор,уламыштар айтылып келген. Күзгү жансыз затка кирет. Кээ бирлери күзгүнү кандайдыр бир башка дүйнө менен байланыштырышат жана ага аяр мамиле кылышат.
Эски күзгүнүн адам тагдырына тийгизген таасири чоң. Ар бир күзгү өзүнө ар кандай оң жана терс энергияны сиңирип алат. Күзгүнү алардан мурда, анын кожоюнуна көңүл буруңуз. Эгер ага ынанбасаңыз, анда ал күзгүнү албай эле койгонуңуз оң.
Дагы бир факт күзгүдөгү өтө көп негативдердин чогулуусунан улам чыккан жаракалар айтып турат. Жараксыз эски күзгүдөн арылуу үчүн, аны эч ким жашабаган бөлмөгө жайгаштырыңыз. Анын чагылышкан бети дубал жакты каратып коюңуз. Ал толугу менен тазалануу үчүн 1-2 жыл турушу керек. Эгер күзгүнүн бети жетишээрлик күңүрттөнсө, анда аны боёп же ороп жерге көмүп салуу зарыл.
Күзгүнү үйдүн кире беришине жайгаштырсаңыз, негативдүү энергиялардан сактайт. Ошондой эле керебеттин тушуна илбегениңиз оң. Антпесе адамды уйкусуздук жана жаман түштөр тооруйт. Күзгүнүн санына эмес, анын жайлуулугуна көңүл буруңуз.
Мына ушундай сиз билишиңиз керек болгон негизги билинер айырмачылыктар.
Булак: "kundemi.kg"