www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда 24 жаштагы аялды уруп-сабап, электрондук картадан акчасын алып кеткен жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБге 24 жаштагы К.Ж. (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 28-июлунда түнкү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарында өзүнө тааныш болгон эркек бала спирт ичимдигин ичкен мас абалда, уруп-сабап, денесине жараат келтирип, “Редми 9 А” үлгүсүндөгү телефонун жана “Мбанк” электрондук картасынан 52900 сом акча каражатын тартып алгандыгын билдирген.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучу оор дене жараатын алгандыгы аныкталып, кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) квалификацияланган.

Аталган кылмыш ишине шектүү 1992-ж.т. Х.А. экендиги белгилүү болуп, бирок анын жүргөн жери белгисиз болгондуктан, издөө жарыяланган.

26-август күнү милиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, издөөдө жүргөн Х.А. Кара-Балта шаарынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн 28-августта Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 1 айга камакка алуу түрү тандалып алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилей кетсек бул окуя интернет тармагында дагы кызуу талкууга алынып, социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай пикирлерин калтырышкан болчу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости