www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россиянын Москва облусундагы Сахарово кыштагындагы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институнун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сахарово кыштагында чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары дагы убактылуу кармалат. Мекемеде акыйкатчы Россиянын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу кармоого жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.

Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарын жеке кабыл алды жана алардын кармоо шарттары менен таанышып, атайын мекемеде Кыргызстандын 209 жараны бар экенинен кабардар болгон.

Акыйкатчы институтунун, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Россиянын элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарына юридикалык кеп-кеңештерди беришти.

Ошондой эле кээ бири өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылышып, аларды акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды. Жамиля Жаманбаев аталган арыздар Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту жана Россиядагы Кыргызстандын консулдук кызматы тарабынан  биргелешип карала турганын белгиледи.  

Кыргызстандын жарандарынын иштери боюнча материалга ылайык, аталган мекемеде негизинен Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган үчүн кармалышууда, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар дагы бар.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту мандатына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, тигил же бул жагдайлардан улам атайын мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча баардык чараларды кабыл аларын белгилеп өттү.

Андан кийин Жамиля Жаманбаева Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго барып чет элдик жарандардын документтерин кабыл алуу шарттары менен таанышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости