www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Равшан Маманов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу видео жарыялады. Ал видеодогу киши: “Бир тоголок дары ичкен жокмун. 6 жолу мурундан, 9 жолу кандан анализ алды”,-деп айткан.

Аталган видео талкууларга жем таштап: “Эртең кечирим сураганга даярдан”, “Ушул баланы жакшылап текшергиле, эмнеге 24 күн жатып бир тоголок дары ичкен жокмун деп элди дүрбөлөңгө салып жатат?”, “Вирус  жоктугуна ишенбейм”,-деген өңдүү пикирлер басымдуулук кылса, айрымдар "Чыкпаса да жаткырышып ырас кылган. Мүмкүн илдеттин алдын алуу үчүн жасалып жаткан кадамдыр" деген сөздөр да айтылды.

Бул видео качан, кайсы жерден тартылганы белгисиз.

Эске сала кетсек, айрым бейтаптарда илдеттин белгилери байкалбайт. Бирок алар вирусту организминде алып жүрүп, башкаларга да таратаарын окумуштуулар айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости