www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак таңдай акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин досу Кубат Болотканов “Азаттыкка” берген маегинде “Бишкетиги ооруканалар кабыл албай коюшкан” деп айтканына тактоо киргизди.

“Бир тактоо киргизип койбосом болбойт. Элмирбек досумдун дүйнө салганын укканда төбөгө чагылган тийгендей эле болдук. Боз уйдун капталында туруп, Асылбек Маратов инимден акындын акыркы мүнөттөрү тууралуу, атайын оорукананын эки сааттай кабыл албай койгонун угуп, каңырык түтөп турганбыз. Ангыча “Азаттыктын” кабарчысы Айбек Бийбосунов келип суроо узатканда Асылбек иним аларга акынды ооруканага жаткыруу боюнча түзүлгөн абалды айтып берди.

Мен да оорукананын Элмир досумду көпкө кармап кабыл албай турушканына нааразы экенибизди билдиргем (Асылбек экөөбүздүн сөзүбүз “Азаттыктын” сайтында “Элмирбектин кетиши элдин эсин эки кылды” деген материалда турат. Менимче, ким болбосун, мендей эле оюн билдирмек деп ойлойм.

Андан кийин ошо материалга шилтеме берип, “Багыт.kg” сайты маалымат жарыялайт. Бирок, аталган сайт мени кошо ооруканага барган киши кылып берип салган экен. Мен сайттын жетекчиси Тилек Рыскуловго байланышып, жагдайды түшүндүргөндө, ал материалды оңдоп коюга сөз берген.

Бугун Мирлан Самыйкожо инимдин айтканын окуп, кырдаал бир аз башкача болгонун билдим. Ар бир нерсенин так болгону жакшы, азыркыдай шартта.

Досумдун дүйнөдөн узаганына алиге ишене албай, эс ооп турган чак. Азыр эми эмне десек да Элмирбекти кайра кайрый албайбыз. Залкардын жаткан жери жайлуу болсун деп, сөз кылсак жакшы жагын айтып, калган кепти токтотсок. Убагында ага кам көргөн агаларга, досторго, дарыгерлерге ыраазычылык билдирем. Досумдун жаңы бейиштен орун алсын”,-деп билдирди маркумдун досу Кубатбек Болотканов.

Эске сала кетсек, Кубатбек Болотканов  “Бишкетиги ооруканалар кабыл албай коюшкан” деп "Азаттыкка" берген маегинде билдирген.

"Бишкектеги атайын ооруканага барсак, Фучикке жөнөттү. Ал жактан "карантиндин убагы" деп дарыгерлер кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту. Элмирбектин кант диабети бар болчу. Эгерде убагында дарыгерлерибиз кабыл алып, медициналык чараларын көргөндө мындай нерсе болмок эмес. Болгондо дагы кыргызды туу кылар уулуна, сыймыгына ушундай мамиле жасалганына баарыбыз нааразы болуп турабыз", - деген ал.

Ошону менен катар эле, маркум Элмирбек Иманалиевдин өлүмүнөн кийин айтылып жаткан ушак кептерге, акын Мирлан Самыйкожо: "Унчукпай коюуга болбой калды. Уу жуткандай болуп, өзөк өрттөнүп турганда ого бетер өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып атышат. Туура түшүнүп, туура маалыматты окуп койгула. Калыстык үчүн жаздым. Өлүмдөн да пайда издеген популиссттер! Мурда кайда элеңер? Кечээ кайда элеңер? Ошол күнү кайда элеңер? Биз силерди ал күнү көргөн жокпуз го. Мүмкүн, мен да ошол жерде болчумун десеңер айткылачы. Көзүбүзгө коргошун уюп эле көрбөй калбасак, биз силерди көргөн жокпуз! Ушинтип упай топтоп, калбыр кадырыңарды өстүрбөй эле койбойсуңарбы! Бул силерге саясат эмес! Жасалма күйүмүш болуп, арзыбаган арзан пиарыңарга аралаштырып БУЛБУЛДУН өлүмүнөн пайда издегениңерди токтоткула! Ичинен бышып, ызасы ташып отурган элдин оюн жалган маалымат таратып тескери бурбагыла да. "Спец больница албай Фучикке жөнөтүптүр" деген карандай калпты кайдан, кантип ойлоп таптыңар? Асылбек Маратов айтты десеңер жаңылыштык”,-деп жазып чыккан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости