www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү талкууланды.

Мамлекет башчысы биринчи кезекте калктын саламаттыгын коргоону шарттаган бардык карантиндик-санитардык талаптардын жарандар тарабынан сакталышын камсыздоонун өзгөчө маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.

Үй карантиндин шарттарынын жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушуна жол бербөөгө, ошондой эле илдет жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдарды аныктоого багытталган чараларды ишке тартылган мамлекеттик органдар менен биргеликте күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар жана башка зарыл болгон жабдыктар менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.

Ал кызматкерлердин жарандарга жасаган мамилеси сылык-сыпайы болушу керектигин айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана өзгөчө абал киргизилген шаарлар менен райондордун коменданттарынын алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү эң маанилүү маселе экенин белгиледи.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Ал коронавиус инфекциясынын жайылышына жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында республика аймагындагы блокпостторго күн сайын беш миңден ашуун милиция кызматкери жана 500 транспорт каражаты тартылып жатканын билдирди.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн республиканын шаарлары менен райондорун күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөтүп жатат.

Кашкар Жунушалиев инфекция менен күрөшүүгө тартылган ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери зарыл болгон каражаттар, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгондугун баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости