www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 22-апрелде комиссиянын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечимин кабыл алган.

Бүгүн, 23-апрелде алар абакка жеткирилгенин NazarNews.kgге ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

"СИЗО-1дин учурда бардык камералары толуп калды. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда отурган адамдар СИЗОго алып келиниши керек. Мындан улам жаза өтөө режими жана орду аныкталган жарандар бүгүн, 23-апрелде Чүй жана Бишкек шаарындагы абактарга жайгаштырылды. Тактап айтканда, Сапар Исаков №8 түзөтүү абагына, Салайдин Авазов №27 түзөтүү абагына жеткирилди. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев өзү аларды алып кетүү кезегин күтүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости