www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

26-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарындын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ошондой эле бийик тоолу өрөөндөрдө кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +22…+27, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +24…+29 жана Ысык-Көл менен Нарында +18…+23 радус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ошто +27…+29 градуска чейин көтөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости