www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сочиде полиция кызматкерлери мас аялды коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында обсервациядан качып бараткан жеринен кармашкан. Окуянын видеотасмасын Контактыда “Сочи ӨК” жарыяланган.

Видеотасмада укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызды кантип кармап, жерге жаткырып, колдорун байлап жатканы көрсөтүлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, кармалган адам мас абалда болгон, активдүү каршылык көрсөтүп, полицияны уят сөздөр менен урушкан.
Маалыматка ылайык, россиялык аял курортко башка шаардан келген жана киргизилген эрежелерге ылайык, эки жумага изоляцияга жайгаштырылган.

Белгилүү болгондой, эрежени бузган аял андан ары тергөө иштери үчүн жергиликтүү полиция бөлүмүнө жеткирилген.
Акыркы сутка ичинде Россияда дагы 5849 адам коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алышты. Өлкөдө жалпы жуккан адамдардын саны 68 ​​миңден ашты. Эпидемия башталгандан бери 615 бейтап көз жумуп, 5568 адам айыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости