www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-июнда, Кыргызстандын айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндүү аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы өлкөнүн түштүк аймактарында 38 градуска чейин көтөрүлөт.
26-июнга карата абанын температурасы:
Чүй облусу: түнкүсүн +15…+20°C, күндүз +31…+36°C;
Талас облусу: түнкүсүн +13…+18°C, күндүз +28…+33°C;
Ош облусу: түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +33…+38°C;
Жалал-Абад облусу: түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +33…+38°C;
Баткен облусу: түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +33…+38°C;
Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +10…+15°C, күндүз +25…+30°C;
Нарын облусу: түнкүсүн +4…+9°C, күндүз +24…+29°C;
Бишкек шаары: түнкүсүн +18…+20°C, күндүз +25…+27°C.
Синоптиктер жарандарды күн күркүрөө учурунда коопсуздук эрежелерин сактоого жана ысык аба ырайында мүмкүн болушунча көлөкөдө жүрүп, көп суюктук ичүүгө чакырышат.

Последние новости