www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ лидери Трамп Түркияга барат

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аны Анкарада өтө турган НАТО саммитине катышууга чакырганын айтып, Түркияга барарын билдирди.

Трамптын айтымында, ал Эрдоганга болгон урмат-сыйынын белгиси катары саммитке катышат. Ошондой эле ал Түркияга F-35 истребителдерин берүү маселеси боюнча жакын арада оң чечим кабыл алынышы мүмкүн экенин белгиледи.

АКШ лидери Эрдоганды өзүнүн досу деп атап, аны күчтүү лидер жана мыкты аскер ишмери катары баалады. Мындан тышкары Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу да жылуу пикирлерин билдирди.

Последние новости