www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондо киши мечиттеги адамдарга кол салды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, куралчан киши Лондондогу борбордук мечитке кирип, сыйынып жаткан адамдарга кол салды. Ал 70 жаштагы сыйынып жаткан молдону бир нече жолу бычак менен сайып салган. Молдо далысы менен моюнунан жаракат алган. Андан кийин мечитке келген адамдар аны кармашкан.

Кылмышкер 29 жаштагы киши болуп чыкты. Полиция ага “кишини өлтүрүүгө аракет кылган”деген айып койду. Ошону менен катар полициядан бул террордук кол салуу эмес деп белгилешти. Кылмышкерди окуя болгонго чейин Лондондун борбордук мечитинен көрүшкөн. Ал мечитке жарым жыл бою келип жүргөн.

Маалым болгондой, кол салуу болгон кезде мечитте жүздөгөн адам бар болчу. Анын ичинен 20га жакын адам кылмышкерди токтотууга аракет кылышкан.

Жабырлануучу молдо ооруканага жеткирилген, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости