www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүгүбүздөгү жылдын 19-февраль күнү Cеул соту Түштүк Кореянын 10-президенти Ли Мен Бакты 17 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал чоң көлөмдөгү акча алган деген тыянакта күнөөлүү деп табылды.

Маалыматка ылайык, мурдагы президент бир тууганына катталган автоунаа тетиктерин чыгаруу компаниясына ээлик кылып, бизнесин өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарын пайдаланып келген.

Прокурор мурдагы мамлекет башчыны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Саясатчы өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагууда.

Ли Мён Бак Түштүк Кореяны 2008-жылдан 2013-жылга чейин башкарган. Өлкөнүн андан кийинки президенти Пак Кын Хе да камакта. Ал коррупцияга, кызматтык кыянатчылыкка жана шайлоого кийлигишүүгө айыпталып, жалпысынан 34 жылга кесилген.

Эскерте кетсек, паракорчулукка шектелген өлкө башчы 2018-жылы 5 жылга эркинен ажыратылган. Абакта бир жыл олтурган соң, саламаттыгы начарлаганынан үй камагына чыгарылган. Бирок 2020-жылдын 19-февралында соттук ишин улантып 17 жылга эркинен ажыратты.

Ли Мен Бак "Керемет болбойт" деген китеби менен көпчүлүккө белгилүү.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости