www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Улугбек байке, бир эле дарекке 1300дөн ашык жарандарды каттоо фактылары чыгып жатат, бул кылмыш эмеспи?

-- Биринчиден, жарандардын каттоого туруусун эч ким чектей албайт. Бул ар бир жарандын өз эрки. Шаарларга жумушка орношуп, убактылуу каттоого ар бир жаран тура алат. Мындай учурда маселе болушу мүмкүн эмес. Ал эми бир эле дарекке миңден ашык адамды каттоого тургузуу, албетте, кылмыш. Мындай учурда каттоого турууну уюштурган киши да, каттаган киши да жооп бериши керек. Укук коргоо органдары тыгыз иштеп, шайлоо алдында бул маселени болтурбаш керек. Ушундай жол менен шайлоодон утуп келгиси келген партияларга да катуу чара көрүлүүсү зарыл. БШК ошол партияларды шайлоодон четтеттүү маселесин карасын.

-- Тажик генералынын чек ара тууралуу айтканы боюнча элчиликтин алдында митинг болду. Сиз кандай ойлойсуз, генералдын сөзү чагымчылдыкка үгүттөгөндүкпү? 

-- Чек ара боюнча маалыматтар менен башынан кабардармын. Тажик генералынын билдирүүсү тажик өкмөтүнүн расмий позициясы болду. Анткени, ал маалымат жыйында айтылды. Экинчиден, ошол сөздү генерал айткандыктан, бул өтө кооптуу болду. Андыктан, мен да муну чагымчылдык деп эсептейм. Бул боюнча биздин өкмөт, ТИМ катуурак жооп берип, ушундай иштерди болтурбоонун алдын алуусу зарыл. Достугубузга көлөкө түшүрүүнүн кереги жок. Эки элдин достугу бекем. Бирок, генерал чини бар адамдын мындай сөз айтканы жакшы эмес. Керек болсо, анын органдан кетишин талап кылышыбыз керек.

-- Кытай инвесторунун биздин аймакка логистикалык борбор куруусун токтотконубуздан кийин, эми бизге инвесторлор келүүсүнө таасирин тийгизбейби? 

-- Акыркы жылдары элдин талабы менен бир канча инвестициялык келишимдер бузулуп жатат. Бул – өкмөттүн чабалдыгынын белгиси. Аткаруу бийлигинин, жергиликтүү бийликтердин начар иш алып баруусунун белгиси. Инвесторду чакырарда, келишимге кол коёрдо, өкмөт өзүнө ишенбесе, биринчи баарын тактап алып, анан макулдашсын, кол койсун. Логистикалык борборду курууну токтотуу чечими сөзсүз түрдө мындан ары инвесторлор келишине тоскоолдук жаратат. 

Динар Турдугулова

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости